|
Грамота (сыйбарак)
|
|
ГРАМОТА (СЫЙБАРАК) (гр. grammata – окуу жана жазуу) – 1) кандайдыр бир эларалык макулдашууну же кандайдыр бир укуктук байланыштын түзүлгөндүгүн (Ишеним Г-сы, Улуксат Г-сы ж. б.) күбөлөндүрө турган кат жүзүндөгү ырасмий акт; 2) белгилүү бир эмгектери менен жетишкендиктери үчүн жактарга бериле турган сыйлык.
|